Кыргыз нарк сактап жашаган калк болгон. Ата-бабаларыбыздын жашоосунда мамиленин, сөздүн, буюмдун бардык нерсенин өз орду болуп, анын наркы сакталган. Мындай пикирин Октябрь Капалбаев Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Этнографтын айтымында, кыргыз наркын кылымдап ийге салып ийлеп чыккандай кынтыксыз айтылган макалдарына салып, кийинки муунга жеткирген.
"Кыргыздар мамиле түзүүдө нукура демократиялык көз карашты карманган. Аны биз улуу менен кичүүлөрдүн ортосундагы мамиле кандай болушу зарылдыгын билдирген "улууга урмат, кичүүгө ызаат" деген макалынан эле билсек болот. Мындай маанидеги макалдар көп. Анткени кыргыз кылымдар бою ийлеп, идеалдуу абалга жеткиргенче бышырып, анан жаш муундарга өткөрүп берген наркын макалдар менен туюндурушкан. Барктан мурда ата-бабаларыбыз наркына көңүл бурган, наркын жоготкондон коркушкан. Ошондуктан байыркы кыргызда бардык нерсенин орду болгон. Мисалы, жөнөкөй шыпыргы босогодон төргө чыккан эмес. Ала бакандын да орду босогодо, жез бакандыкы чыгданда болгон. Керек болсо үйдө отуруу эреже тартиби кынтыксыз сакталган. Атанын орду, эненин орду, кыз-келиндин орду, эр уландын орду өз-өзүнчө наркы менен каралган. Атанын ордуна бала чыгып отуруп алган эмес же кайненесинин ордуна көзү тирүүсүндө келини аяк баскан эмес. Ошол эле учурда "асыл таштан, акыл жаштан" деп кези келгенде жаш экенине карабай сөз берилип, кыз-келиндин да эрки, каалоосу эске алынып, мусапырдын да укугу корголгон. Мунун баары кыргыздын улуу наркы, Конституциясы болгон. Азыр, тилекке каршы, баркка көңүл бурулуп, нарк унутта калды ", — деди Капалбаев.
Ал атадан балага калган наркты заман өзгөрсө да талапка тууралап алып жүрүү ар бир муундун парзы болорун кошумчалады.