"Манас" аэропорту Пекинден алгачкы каттамды тосуп алды. Сүрөт

Пекинден Бишкекке 90 киши келсе, Бишкектен Пекин шаарына 150 адам учуп кеткен.
Sputnik
БИШКЕК, 25-янв. — Sputnik. "Манас" эл аралык аэропорту Пекинден алгачкы каттамды тосуп алды. Бул тууралуу аэропорттун маалымат кызматы кабарлады.
1 / 6

"Манас" эл аралык аэропорту Пекинден алгачкы каттамды тосуп алды

2 / 6

Каттамдар Кытайдын China Southern Airlines авиакомпаниясы тарабынан жумасына үч жолу: дүйшөмбү, шаршемби жана жума күндөрү аткарылып турмакчы.

3 / 6

Жүргүнчүлөрдү Airbus A320neo учагы ташыйт

4 / 6

Биринчи каттам менен Пекинден Бишкекке 90 киши келген

5 / 6

Ал эми Бишкектен Пекин шаарына 150 адам учуп кеткен

6 / 6

"Манас" эл аралык аэропортунун коммерциялык директору Сатыбек Каныбеков Кытай менен Кыргызстандын ортосундагы үзгүлтүксүз аба каттамдары туризмди өнүктүрүүгө салым кошорун белгилеген

Билдирмеге караганда, каттамдар Кытайдын China Southern Airlines авиакомпаниясы тарабынан жумасына үч жолу: дүйшөмбү, шаршемби жана жума күндөрү аткарылып турмакчы. Жүргүнчүлөрдү Airbus A320neo учагы ташыйт.
"Биринчи каттам менен Пекинден Бишкекке 90 киши келген. Ал эми Бишкектен Пекин шаарына 150 адам учуп кеткен", — деп айтылат маалыматта.
"Манас" эл аралык аэропортунун коммерциялык директору Сатыбек Каныбеков Кытай менен Кыргызстандын ортосундагы үзгүлтүксүз аба каттамдары туризмди өнүктүрүүгө салым кошорун белгилеген.
Радио
Кожошев: ЕАЭБ эл аралык соода логистикасын кеңейтүүгө басым жасайт