Депутат: кыздар медреселерин текшерели, кооптуу тенденция жаралууда

Sputnik
БИШКЕК, 25-янв. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаты Динара Ашимова кыздар окуган медреселерди текшерүүнү талап кылды.
Анын айтымында, кыздар диний гана билим алып, кийин иштеш үчүн эч бир адистикке үйрөнбөй жатат.
"Ошон үчүн көп кыздар экстремисттик агымдарга кирип кетип, кооптуу тенденция жаралууда. Анан медресени бүткөндөн кийин эле күйөөгө тийип кетип, ажырашуулар көп болуп жатат. Зордук-зомбулук өсүүдө, мага күнүнө 100-150 кайрылуу келет. Азыр көңүл бурбасак бул тармакта зордук-зомбулук, билимсиздик күчөп баратат", — деди Ашимова.
Ал Дин комиссиясы медреселерде кандай программа менен ким окутуп жатканын жакшы карабай жатканын айтып, көзөмөлдү күчөтүүгө протоколдук тапшырма берди.
Кызыл-Кыяда "Сапат" лицейинде окуучу сабалды. ОИИБ менен министрликтин аракети