Пресс-борбор

Кыргызстандын бардык жерине суу эсептегичтерин коюу пландалууда

Сууну колдонууга уруксат берүү системасын калыбына келтирүү да каралып жатканы кошумчаланды.
Sputnik
БИШКЕК, 25-янв. — Sputnik. Кыргызстандын бардык аймагына суу эсептегичтерин коюу пландалууда. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин Суу жана жер ресурстары башкармалыгынын башкы адиси Таалай Бозгунчиев билдирди.
Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин Суу жана жер ресурстары башкармалыгынын башкы адиси Таалай Бозгунчиев
Ал Sputnik Кыргызстандын маалымат борборунда өткөн "2024-жылда боло турган суунун тартыштыгын кантип алдын алуу керек" деп аталган брифингге катышкан.
Бозгунчиевдин айтымында, суунун канча пайдаланылып жатканы эсепке алынып, сууну колдонууга уруксат берүү системасын калыбына келтирүү пландалууда (2012-жылы жокко чыгарылган). Бул суу үнөмдөгөн заманбап технологияларды киргизүүгө мүмкүндүк берет.
"Эң башкысы, эсептегичтердин жардамы менен ишканаларда эле эмес, бардык жерде чарбалык муктаждыктар үчүн канча суу кетип жатканы катталып турмакчы", — деген ал.
Учурда суу боюнча маалыматтык система иштелип жатат, эсептегичтер качан коюлары азырынча белгисиз. Адис эсептегичтер сугат сууга же таза сууга коюларын так айткан эмес.
Пресс-борбор
Бийлик сугат иштерин жакшыртуу жаатында кандай жумуштар жасалып жатканын айтты