Кыргызстандын футболчулары Оман менен тең чыгып, Азия кубогунан четтетилди

Тайпалык баскычта эки жолу утулуп, бир жолу тең чыктык.
Sputnik
БИШКЕК, 25-янв. — Sputnik. Кыргызстандын футбол боюнча курама командасы Азия кубогунан четтетилди.
Оюн Катарда өттү. Бүгүн Оман менен болгон беттеште оюнчулар 1:1 эсеби менен тең чыгып, команда F тайпасында төртүнчү орунду ээледи.
Бизден голду Кожо Жоэл киргизүүгө үлгүрдү. Араб командасы голду биринчи таймда эле киргизген.
Тең чыгуу Кыргызстанга дагы, Оманга дагы пайда алып келбейт. Анткен менен D тайпасындагы Индонезияга жолдомо тартуулашты.
Кыргызстан бул ирет эки жолу жеңилип, бир жолу тең чыгуу менен ири мелдештен четтетилип жатат.
Курама команда Азия кубогунда экинчи ирет ойноду. 2019-жылы команда 1/8 финалдык баскычка жетип токтогон.
Кыргызстандын футбол командасы Сауд Арабиядан утулуп калды