БИШКЕК, 25-янв. — Sputnik. Коргоо министрлигинин аскер бөлүктөрүнүн биринин командири электроскутер уурдап саткан деп шектелип кармалды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан кабарлашты.
Билдирмеге караганда, кызмат адамдары жана аскер бөлүктүн командири 165 миң сомдук электроскутерди уурдап чыгып, сатып жиберген. Акча жеке кызыкчылыкка пайдаланылган.
"Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин "Ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же коротуу" беренеси менен кылмыш иши козголду. Мындан улам УКМК Коргоо министрлигинин аскер бөлүктөрүнүн биринин командирин кармап, камакка алды", — деп жазылат маалыматта.