Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Зеленский: Киев Ил-76 учагынын кулашы боюнча эл аралык иликтөөнү талап кылат

Украина президенти Владимир Зеленский
Буга чейин Жогорку Раданын депутаты украиналык туткундар түшкөн Ил-76нын кулашы боюнча бийликтин унчукпаганын сындаган.
Sputnik
БИШКЕК, 25-янв. — Sputnik. Владимир Зеленский Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн туткунга түшкөн жоокерлери келе жаткан Ил-76 учагына жасалган Киев бийлигинин чабуулу боюнча акыры үн катты. Бул туурасында РИА Новости жазды.
Ал Киев "эл аралык иликтөө болсун" деп талап кылып жатканын билдирди.
Буга чейин Жогорку Раданын депутаты Алексей Гончаренко украиналык туткундар түшкөн Ил-76 аба кемесинин кулашы боюнча бийликтин үн катпай жатканын сындаган. Кечирээк РБК-Украина агенттиги маалымат булактарына таянып, Зеленский россиялык самолеттун кулашынын "чоо-жайы аныкталмайын" Украина боюнча иш сапарын токтотконун жазган.
Анткен менен Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабы Ил-76 окуясынын фонунда Белгород — Харьков багытында "ташып жеткирген каражаттарды жок кылуу боюнча чара көрүүнү" улантарын билдиришкен.
"Чалгын боюнча башкы башкармалык туткундагылардын тагдырын иликтеп билүү боюнча иш алып барууда... Украинанын тышкы иштер министрине өнөктөштөр менен болгон маалыматтарды бөлүшүүнү тапшырдым. Биздин мамлекет эл аралык иликтөө кылууну талап кылат", — деген Зеленский Telegram-канал аркылуу кайрылуусунда.
Эске салсак, 2024-жылдын 24-январында Россиянын Белгород облусунда өзгөчө жүргүнчүлөр менен кетип бараткан Ил-76 учагы кулаган. Анын ичинде Украина Куралдуу күчтөрүнүн туткундагы 65 аскери, экипаж мүчөлөрү жана коштоп жеткире тургандар — жалпы 74 адам болгон. Туткундарды алмашуу үчүн алып баратышкан. Терактыдан бардыгы көз жумган.
Мамлекеттик Думанын коргоо комитетинин башчысы Андрей Картаполов Ил-76 учагы Германияда жасалган Patriot же IRIS-T ракеталары менен атып түшүрүлгөнүн билдирген.
Мамдуманын спикери Вячеслав Володин АКШнын Конгресси менен Германиянын Бундестагына Украинага зениттик-ракеталык комплекстерди (Patriot жана Iris-T) Берлин менен Вашингтон берип жатканы боюнча кайрылуу даярдоого тапшырма берген. Ал арада украиналык ЖМКлар Ил-76ны Украинанын Куралдуу күчтөрү атып түшүргөнүн жазып, бирок ал маалыматтарды сайттан өчүрүшкөн.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Министрлик: Белгороддо кулаган Россиянын учагын Киев ракеталык комплекс менен атты