ЕЭК министри ЕАЭБдеги негизги көйгөйдү атады

Биримдикте тийиштүү укуктук база иштейт, эми алардын аткарылышын көзөмөлдөө зарыл.
Sputnik
БИШКЕК, 25-янв. — Sputnik. ЕАЭБдеги негизги көйгөй — буга чейин кабыл алынган документтердин аткарылышы. Бул тууралуу ЕЭКтин техникалык жөнгө салуу министри Виктор Назаренко билдирди.
Эскерте кетсек, бүгүн Sputnik маалымат борборунда "ЕЭКтин 4 жылдагы ишинин жыйынтыгы" деп аталган видеокөпүрө өттү.
"Бүгүнкү күндө укуктук талаа түзүүгө эмес, буга чейин кабыл алынган нерселерди аткаруу аракеттерине басым жасап жатабыз. Талаптарды аткаруу — биримдиктеги ар бир өлкөнүн мамлекеттик органдарынын жоопкерчилиги", — деди Назаренко.
Министр ЕАЭБде мамлекеттердин өз ара тоскоолдуксуз соода жүргүзүүсү үчүн чоң жумуштар жасалып жатканын белгиледи. Бүгүнкү күндө тиешелүү укуктук база түзүлгөн, 52 техникалык регламент кабыл алынып, анын 47си иштеп жатат.
ЕАЭБ менен Куба өнөр жай кызматташтыгын күчөтүү боюнча сүйлөшүүдө