ЕАЭБ менен Куба өнөр жай кызматташтыгын күчөтүү боюнча сүйлөшүүдө

Евразиялык экономикалык комиссиянын өкүлү интеграциялык долбоорлорду тандоо критерийлери жана кызматташуунун артыкчылыктуу багыттары тууралуу айтып берди.
Sputnik
БИШКЕК, 25-янв. — Sputnik. Евразиялык экономикалык комиссия менен Куба өнөр жай кызматташтыгын күчөтүү боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө. Мында жеңил өнөр жай, фармацевтика, кайра жаралуу булактары жана машина куруу артыкчылыктуу багыттар экенин ЕЭК билдирди.
Москвада ЕЭКтин Өнөр жай саясаты департаментинин директорунун орун басары Георгий Арзуманяндын төрагалыгы алдында Кубанын өнөр жай министри Хосе Гаспардын, ошондой эле аталган өлкөнүн тиешелүү ассоциация жана ишкана өкүлдөрүнүн катышуусунда жыйын өткөн.
Арзуманян интеграциялык долбоорлорду тандоо критерийлери жана кызматташуунун артыкчылыктуу багыттары тууралуу айтып берди.
"Өнөр жай тармагындагы диалогго өзгөчө басым жасайбыз. Мүмкүнчүлүктөр кеңири. Биздин көз карашыбызда жеңил өнөр жай, фармацевтика, кайра жаралуу булактары жана машина куруу артыкчылыктуу багыттар болуп саналат", — деди ЕЭК өкүлү.
Куба делегациясы ЕЭКке берген маалыматы үчүн ыраазычылык билдирген.
Радио
Кожошев: ЕАЭБ эл аралык соода логистикасын кеңейтүүгө басым жасайт