Пресс-борбор

ЕАЭБде иштегендердин квалификациясын өз ара таануу кайсы деңгээлде экени айтылды

ЕЭК биримдик өлкөлөрүндө суроо-талап көп болгон кесиптин ээлерине сунуштама берген ыкманы иштеп чыга баштады.
Sputnik
БИШКЕК, 25-янв. — Sputnik. ЕАЭБде иштегендердин квалификациясын өз ара таануу кайсы этапта экенин ЕЭКтин өкүлү Ия Малкина айтып берди.
Ал Sputnik өткөргөн "ЕЭКтин 4 жылдагы ишинин жыйынтыгы" деп аталган видеокөпүрөгө катышкан. Айтымында, жумушчулардын квалификациясына карата мамлекеттик стандарттарды түзүп чыгуу системасы биримдиктин алкагында өз алдынча, улуттук деңгээлде өнүгүүдө. Бирок бул жаатта бирдейлештирилген норма жок болууда. Комиссия биримдиктин өлкөлөрүндө суроо-талап көп болгон кесиптин ээлерине сунуштама берген ыкманы иштеп чыккан.
"Тагыраагы, кеп билим берүү, саламаттык сактоо жана автотранспорт жаатында жүрүп жатат. Бул иштин башталышы гана десек болот. Биримдикке мүчө мамлекеттер менен иштешип жатабыз. Мындай сунуштар алардын бул багытта улуттук талаптарды иштеп чыгып жатканын эске алышы үчүн берилген. Аталган аракет биздин жарандардын мобилдүүлүгүн арттырат", — деген Малкина.
ЕАЭБ менен Куба өнөр жай кызматташтыгын күчөтүү боюнча сүйлөшүүдө