БИШКЕК, 25-янв. — Sputnik. Суу ресурстары боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Алмазбек Сокеев ирригацияны жакшыртуу боюнча быйыл кандай иштер жасаларын айтты.
Ал Sputnik Кыргызстандын маалымат борборунда өткөн "2024-жылда боло турган суунун тартыштыгын кантип алдын алуу керек" деп аталган брифингге катышкан.
Эске салсак, буга чейин айыл чарба министри Бакыт Төрөбаев быйыл кургакчылык болорун айткан эле.
Сокеев токтолгон маанилүү учурлар:
быйыл 600 чакырымдык каналдар менен суу курулуштарын оңдоп-түздөп жана тазалоо пландалган;
мамлекеттик сугаруу тармактары гана оңдолбойт. Төрөбаев жергиликтүү бийликтерге чарба ичиндеги каналдарды да тазалоо, тартипке келтирүүгө тапшырма берген. Ошол аймактарда жашагандарды да бул иштерге тартуу пландалууда;
жергиликтүү бийликтер сууну топтоо боюнча иш алып барууга милдеттендирилди. Тагыраагы, жазгы сугаруу иштерин жүргүзүү үчүн бардык суткалык жана декадалык бассейндерди толтуруу көрсөтмөсү берилген. Бул түшүмдүүлүккө оң таасир тийгизет;
баш-аягы 17 гидротехникалык жайды пайдаланууга тапшыруу пландалууда;
тамчылатып сугарууга көбүрөөк бурулмакчы. Баткен облусунда миң гектар жерди сугарууну камсыздай турган насостук станция курулат. Мындай иштер өлкөнүн башка дубандарында да жасалышы керек;
70 скважинаны калыбына келтирүү пландалууда. Алар суу жетпей турган жерлерге керек;
каналдарды оңдоп-түздөп жана тазалоонун эсебинен суу менен камсыздоону жыл сайын 20 пайызга көбөйтүүгө мүмкүн болгон. Быйыл да аны 15-20 пайызга арбытуу максаты коюлган.
Мындан сырткары, декадалык жөнгө салууну камсыздаган 71 бассейн куруу каралган. Бул программа бекитилип калса мындай объектилерди жыл сайын пайдаланууга берип туруу мүмкүнчүлүгү жаралат.