Акылбек Жапаров: Кызыл-Омполдо кендин 300 млрд. долларлык запасы бар экен

Жапаров кен байлыктарды иштетүүдө бир ууч топтун байышына жол берилбей турганын кошумчалаган.
Sputnik
БИШКЕК, 25-янв. — Sputnik. Кыргызстан өзүнүн кен байлыгынын пайдасын Сауд Арабиясындай көрүшү керек. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров билдиргенин ЭлТР телеканалы жарыялады.
Министрлер кабинетинин төрагасы жер казынасын иштетүүдө экологиялык жактан зыян келтире турган бир да технологияны киргиздирбей турганын белгилеп, кудай берген байлыкты колдонуш керектигин айткан.
"Сауд Арабия мунай менен газдын пайдасын көрүп жатса, биз да ушул кендерибизден пайда алышыбыз керек. Болгону Кумтөрдөй болуп алдатып жиберип, чоңдордун, 100-200 үй-бүлөнүн байышына жол бербейбиз", — деди Жапаров.
Ал Ысык-Көлдөгү Кызыл-Омпол кенинде уран аз эле экенин кошумчалаган.
"Бул жерден 20 миллион тонна титаномагнетит, цирконий жана башка сейрек кездешүүчү металлдар чыгууда. Политехникалык институттун окумуштуулары алдын ала техникалык-экономикалык негиздемесин даярдап жатышат. Алар Кызыл-Омполдун тегерегинде эле 300 миллиард долларлык запас бар экенин айтууда", — деди өкмөт башчы.
Эч кандай зыяны жок. Жапаров Кыргызстанда уран казуу маселесине токтолду