26-январга карата аба ырайы

26-январда күндүз өлкөнүн айрым жерлеринде жаан-чачын жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 метрге жетиши күтүлөт.
Sputnik
БИШКЕК, 25-янв. — Sputnik. Жума күнү түнкүсүн тоолуу райондордо кар жаашы болжолдонду. Айрым жерлерде туман түшөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Абанын температурасы Чүй облусунда -3…+2, Талас чөлкөмүндө -4…+1, Ысык-Көл жеринде +1…+6, Ош, Жалал-Абад, Баткен аймактарында +3…+8, Нарында 0…-5 градусту көрсөтөт.
Термометрдин көрсөткүчү Бишкек шаарында 0…-2, Ош шаарында +6…+8 градус болот.
Пресс-борбор
Кыргызстандын бардык жерине суу эсептегичтерин коюу пландалууда