Улан-Батордо 60 тонна газ жүктөгөн автоунаа жарылып, адамдар өлдү. Видео

Жүк ташыган техниканын өзү 30-40 метрдей аралыкка ыргып кеткен.
Sputnik
БИШКЕК, 24-янв. — Sputnik. Монголиянын борбор шаарында 60 тонна газ жүктөгөн автоунаа жарылып, ал апаатка айланды.
ЖМКлар бул кырсык жыйырмага чукул кишинин өмүрүн алып кеткендигин айтышууда.
Автоунаа жарылган учур видеого тушүп калган. Жүк ташыган техниканын өзү 30-40 метрдей аралыкка барып түшкөн. Анын жанындагы автоунаалар менен имараттын күйүп кеткени айтылды.
Казакстанда жер оюлуп, адамдар бараткан автобус 150 метр тереңдикке түшүп кетти