БИШКЕК, 24-янв. — Sputnik. Былтыр сатып алган учактарыбызды жакын арада алып келгенге даярданып жатабыз. Учурда аба кемелери модернизациялоодон өтүүдө. Бул тууралуу "Манас" эл аралык аэропортунун директору Манас Самидинов соцтармактагы баракчасында билдирген.
"Канаданын Калгари шаарында Asman Airlines авиакомпаниясынын жетекчиси менен бирге биздин эки учакты модернизациялоодон өткөрүп жаткан De Havilland Aircraft of Canada учак чыгаруучу авиакомпаниянын президенти менен жолуктум. Азыркы маалда аба кемелерине заманбап кычкылтек системаларын орнотуу иштери, жүргүнчүлөрдүн сыйымдуулугун көбөйтүү үчүн орундуктар жана учактын тышкы келбетин биздин компаниянын брендине тууралоо иштери жүргүзүлүүдө", — деп айтылат маалыматта.
Эске салсак, 2023-жылдын сентябрь айында "Манас" эл аралык аэропорту алгач ирет өз каражатына Dash-8-400 үлгүсүндөгү эки учак сатып алган. Алар 2024-жылдын май айында Кыргызстанга жеткирилери айтылган. Эми мындайдан дагы экини сатып алуу пландалууда.