Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Рада депутаты Зеленскийдин ишине ичи чыкпагандыгын айтты

Депутат Киевге басым кылып Россиянын позицияларына чабуул жасаткан Батыштагы союздаштарын да сындаган.
Sputnik
БИШКЕК, 24-янв. — Sputnik. Украинанын Жогорку Радасынын депутаты жана ишкер Сергей Тарута өлкөнүн президенти Владимир Зеленскийди компетенттүү эмес лидер деп атады. Бул туурасында РИА Новости El Mundo басылмасына таянып жазды.
"Бир дагы президент мындай жөндөмсүз болгон эмес", — деген саясатчы.
Тарута украин лидеринин өзүнө жана анын командасына ичи чыкпагандыгын жашырган эмес. Депутат Киевге басым кылып Россиянын позицияларына чабуул жасаткан Батыштагы союздаштарын да сындаган. Муну менен катар Вашингтон жана Брюсселдин бул максатта авиация бөлүп бербегендигин белгилеген.
Украинанын Куралдуу күчтөрү 2023-жылы Түштүк Донецк, Артемовск жана Запорожье багытына НАТО даярдаган аскерлер менен чет элдик техникалардан турган бригаданы беш ай бою согушка салган. Россия президенти Владимир Путин бейшембиде "Валдай" клубунун жыйынында сүйлөп жатып, Украина 4-июндан бери 90 миңден ашуун кишисинен ажыраганын, 557 танк, 1900 сооттолгон машина жок кылынганын билдирген.
Кличко: Зеленский башка багыт менен кетип бара жатат