Орунтаев курулуш объектилерин текшерүүнүн жыйынтыгын айтты

Мамкурулуш башчысы Бишкекте жер 4,5 баллга чейин силкингенин, бул күчтүү көрсөткүч деп эсептелерин белгиледи.
Sputnik
БИШКЕК, 24-янв. — Sputnik. Мурдагы күнкү жер титирөөдөн кийин Бишкек шаарында жүздөгөн имаратты Мамкурулуштун адистери текшерди, анда олуттуу жарака кеткен объектилер болгон жок. Бул туурасында Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору Нурдан Орунтаев журналисттерге билдирди.
23-январдын түнүндөгү жердин силкинүүсүнөн кийин аталган агенттик элге кайрылып, зыянга учураган үйлөр болсо кабарлоону өтүнгөн.
Анын айтымында, 100дөн ашык телефон чалуулар болду.
"Биздин адистер барып көрүп, жашоочулардын суроолоруна жооп берди. Кулап же өтө олуттуу жарака кеткен объектилер жок. Болгону эле тосмолор менен ригелдердин ортосундагы кошулган жерден кеткен, терезе, эшиктердин оюктарындагы бекилген жерлердин шыбактары түшкөн. Бул өтө олуттуу көйгөй эмес. Анын шыбагын кайра жаңыртып койсо болот. Бишкек шаарындагы текшерүү учурунда андай (кооптуу – ред. ) объектилер табылган жок", — деген Орунтаев.
Ал Бишкекте жер 4,5 баллга чейин силкингенин, бул күчтүү эле көрсөткүч деп эсептелерин кошумчалады.
ӨКМ: жер титирегенде эл катуу дүрбөлөң түшпөсүн деп сирена иштеткен жокпуз