ӨКМ: жер титирегенде эл катуу дүрбөлөң түшпөсүн деп сирена иштеткен жокпуз

Sputnik
БИШКЕК, 24-янв. — Sputnik. Жер титирегенде эмне үчүн айгай сиреналары иштеген жок? Мындай суроону Жогорку Кеңештин депутаты Алишер Козуев узатты.
Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Азамат Мамбетов эл катуу дүрбөлөңгө түшүп кетпесин деп сирена жаңыртылбаганын айтты.
"Ал негизинен абадан кол салуу учурунда айгай көтөрүү үчүн колдонулат. Анан элди катуу дүрбөлөңгө салбайлы деген бүтүмгө келдик", — деди Мамбетов.
Ошондой эле ал өлкө боюнча 274 жерге сирена орнотулганын, анын жарымы совет доорунан бери жаңылана электигин билдирди. Бирок баары иштейт деп ишендирди.
Аны менен катар Мамбетов Бишкекте жер титирөөнүн күчү 4-5 баллга жеткенин белгиледи.
Абдрахматов: Бишкекте 8 баллдан ашкан жер титирөө болот деген коркунуч жок