БУУнун Коопсуздук кеңешинин жыйынында Лавров менен Израиль өкүлү чарпыша кетти

Министр "2015-жылы Минск макулдашуусун унуткарып салгандай азыр дагы БУУнун Палестина мамлекетин түзүү боюнча чечимин жок кылып салбоого" чакырды.
Sputnik
БИШКЕК, 24-янв. — Sputnik. Россия ТИМинин башчысы Сергей Лавров менен Израилдин туруктуу өкүлү Гилад Эрдан БУУнун Коопсуздук кеңешинин жыйынында Палестина маселеси боюнча бири-бирине кине коюшту. Бул тууралуу РИА Новости жазды.
Израилдик дипломат Гилад Эрдан Иранды сындап, Россия Тегеран жөнөткөн курал-жаракты Украинада колдонуп жатканын айтып нааразы болду.
Лавров буга бүгүнкү күндө Россияны күнөөлөө көндүм ишке айланып бара жатканын белгилеп жооп кайтарды.
"Акыркы мезгилде Россияны Киевдин нацисттик режимине каршы жүргүзүп жаткан атайын операциясына байланыштуу айыптоо айрым делегациялар үчүн кадыресе көрүнүшкө айланып бара жатат. Кесиптештер, өз абийириңерге койдук", — деди РФ ТИМинин башчысы.
Министр "2015-жылы Минск макулдашуусун унуткарып салгандай азыр дагы БУУнун Палестина мамлекетин түзүү боюнча чечимин жок кылып салбоого" чакырды.
"Палестин элине карата мындай кылмыштын кайталанышына жол берилбеши керек", — деди Лавров.
Белгилей кетсек, Батыш мамлекеттери Иран Россиянын Украинадагы согуштук аракеттери үчүн учкучсуз аппараттарды жеткирип жатат деген пикирде. Москва менен Тегеран мындай билдирүүлөрдү четке кагып келет. Иран ТИМинин башчысы Хосейн Амир Абдоллахиан Давосто өткөн Дүйнөлүк экономикалык форумда республика эч убакта Россияга Украинада колдонуу үчүн учкучсуз аппарат жана ракета жөнөтпөгөнүн айткан.
Эскерте кетсек, ХАМАС кыймылы менен Израилдин кырды бычак мамилеси өткөн жылдын 7-октябрында курчуп кеткен. Акыркы маалымат боюнча, Газа секторунан жасалган чабуулдан 1,2 миң израилдик каза таап, 5 миңдей киши жаракат алган.
Израиль армиясы ХАМАСка жооп кайтарып, натыйжада 7-октябрдан бери Газада жашаган 25 миңден ашуун тургундун өмүрү кыйылды. Дагы 62 миңдей адам жаракат алган.
Тараптардын аймактык кызыкчылыгына байланышкан палестиндер менен израилдиктердин жаңжалы ондогон жылдардан бери ал чөлкөмдөгү кагылышуунун себепкери болуп келет. СССРдин кийлигишүүсү менен 1947-жылы БУУ Израиль жана Палестина мамлекеттерин түзүү чечимин кабыл алган. Бирок натыйжада Израиль гана түзүлгөн. Тель-Авив эки өлкө принцибине макул болгону менен палестиналык аймактарды бошотпой келет.
Израиль дарыгерлерден ХАМАС чабуулу боюнча БУУнун иликтөөсүнө катышпоону суранды