9 баллга чейин туруштук берет. Орунтаев жаңы курулуп жаткан объектини текшерди

Sputnik
БИШКЕК, 24-янв. — Sputnik. Бишкекте 47-колониянын ордуна курулуп жаткан үйлөрдүн жер титирөөгө бекемдиги текшерилди.
Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору Нурдан Орунтаев ЖМК өкүлдөрүн аталган объектиге алып барган. Анда адистер атайын аппараттын жардамы менен бетондун бекемдигин, жер титирөөгө чыдамдуулугун сынаган. Орунтаев экспертизадан өткөн объектилердин бардыгы 9 баллга чейин туруштук бере аларын белгиледи.
"Бүгүнкү күндө бизден сертификация, экспертизадан өткөн курулуштун бардыгы 9 баллга чейин туруштук берет. Ал эми мыйзамсыз курулган имараттарга биз жооп бере албайбыз. Алардын документи жок, сыноодон өткөн эмес. Алар биздин сайтта ачык жарыяланып турат. Бишкекте мыйзамсыз курулган 40, ал эми Ошто 30дай объект бар", — деген ал.
Мурдагы күнкү жер титирөөдөн кийин Бишкек шаарында жүздөгөн имаратты Мамкурулуштун адистери текшерген. Анда олуттуу жарака кеткен объектилер катталган эмес.
Бишкектеги 47-колониянын ордуна курула турган үйлөрдүн баасы айтылды