Киевдин туңгуюкка кептелген абалы, Батыштын кечиккен жардамы жана өлкөнүн ичиндеги жарылып-жарылбай турган "нааразылык вулкандары" туурасында серепчи Ирина Алкснистин макаласы РИА Новостиге жарыяланды.
Бир жагынан акчанын жоктугу кыйнап жатат: бөлүнгөн сумма түгөнүп барат, АКШ менен Евробиримдик ички келишпестиктеринен улам убада кылган акчасын бере албай турат. Аскердик көмөгү да жөнөтүлбөй калчудай. The Wall Street Journal басылмасынын берген баасына караганда, Украинанын бюджеттик быйылкы карызы 40 миллиард доллардан ашык сумманы чапчыды. Анын ичинен 30 миллиард доллар Батыштан келмек. Ал мамлекеттин базалык карыздарын: айлык, пенсия, жөлөк пулдарды төлөөгө жумшалышы керек эле.
Ал арада америкалыктар, европалыктар тил табыша албай жатат, маселе эң ийгиликтүү болду дегенде оң жагына февралда чечилиши мүмкүн. Бирок Киевге акча азыр керек, мындай жагдай эки нерсенин бирин танда деп аргасыз абалга кептөөдө. Инфляцияны автоматтык түрдө басып өтүп, акча жасаган станок чыгарышы же элдин алдындагы социалдык карыздарын тоңдуруп кое турушу керек. Украина коомунун кыжыры кайнап, бийликтин бедели түшө баштагандыгын эске алсак, өтө белгилүү боло бербеген кадамдар кескин дестабилизация жаратып, кесепети айтып бере алгыс болот.
Бир жагынан алганда фронттогу абал согуштун коюу туманы менен капталган. Позицияны талашып каршылык көрсөтүп жатканы менен ошол эле учурда Россия армиясы акыркы учурда байкаларлык тактикалык ийгиликтерди жаратты. Аны экинчи жээктегилер да моюнга алды. Муну менен катар эле каршылаш тарап акыркы кадамдар (РФтики – ред.) кармаштын таш-талканын чыгарарынан коркуп турушат. Каршылаш деген тарап — Киев бийлиги гана эмес, Москва менен тирешүүгө баарын алып чыккан Батыштагы антироссиялык коалиция экендигин эске алалы. Ал жакта чечим кабылдап жаткандар акыры алсыратып, чарчата турган чатактын форматын аныктоо артыкчылыгы Россияда турганын түшүндү.
Көйгөйлөр бучкактап турган чак, Батышта ресурстар тартыш, андан сырткары, Украинаны убакыт күтүп туруп албайт. Кызыкдар болгон тараптар үчүн ошол жерде жана учурда жасай турган кадамдар бар: а) багытын такыр эле бурбаса да майдандагы кырдаалды токтотуу (тоңдуруу); б) Россия жетекчилигин өлкөгө пайдасыз жана ойлонулбаган чараларга мажбур кылуу; в) Батыштын өзүндөгү Украинаны колдоого каршы чыкандардын оозун жабуу; г) Киевди үзгүлтүксүз каржылап турууну жаңылаш үчүн Батыштын өз ара талашып-тартышып жаткан элиталарын кепке келүүгө мажбур кылууга жетишүү.
Бул кырдаалда Украинада террордук ыкмаларга ачык эле өтүү боюнча чечим кабыл алынган. Ал — Россиянын улуттук бекем консенсусу менен туруктуу өнүгүүсүн олку-солку кылуу үчүн карапайым эл менен инфраструктуранын маанилүү объектилерине максаттуу түрдө чабуул коюу кадамдары. Бутага Жаңы жылда Белгород, өткөн жекшембиде Донецк алынып, пилотсуз учактар менен Усть-Лугадагы "Новатэка" терминалына чабуул жасалды. Кимдир бирөөлөрдүн Россия мамлекетинин коомдук колдоосун жок кылып же Кремль менен РФтин Коргоо министрлигин фронттогу РФтин күчтөрүнө ыңгайсыз болгон чечимдерге түртүп жиберүүгө үмүт арткан "изги тилеги" болууда.
Карасаң эле Украинадан көңүлү калган Батыш билермандарында кайрадан ишеним жаралып, көмөгүн жигердүүлүк менен баштаганын көрөсүң.
Айтмакчы, Владимир Зеленскийдин "Россия Федерациясынын аймактарындагы тарыхый отурукташып калган украиналыктар жөнүндөгү" жаңы жарлыгы ушул эле максатты көздөйт. Биринчиден, Киевдин өзүнө жооп бербей турган учуру жана кепке келүүгө жөндөмсүздүгү боюнча Москваны ишендириш керек. Эгерде ийгиликтүү болуп калса "Украина маселесин" ойлонулбаган чараларды колдонуп, радикалдуу чечимдер менен аны жөнгө салууга түртүү керек.
Экинчиден, учурда күч алып, пикирин билдирип, бакылдап жаткан Батыштагы адекваттуу күчтөр үчүн артка чегине турган жолду жабыш керек.
Россия мындай жаңы чакырыкка кандай жооп кыларын мезгил өзү көрсөтөт. Бир нерсени — мамлекеттин жетекчисин аскердик-саясий же кандайдыр ойлонулбаган кадамга түртүү Киевдин да, Батыштын да колунан келбестигин ишеним менен айтууга болот.
Анткен менен Москва жооп катары кадам ташташы ыктымал. Мисалы, Франция Россия менен кармашта өзүн европалык лидер катары көрсөтүүгө чечкиндүү кадам таштаганда, Харьковдо жалданган 60 франциялык өмүрүнөн ажырап, 20га жакыны ооруканага түшкөн.
Албетте, Париж эч нерсе болбогондой жүрүп кое алат, бирок мындай "пиар" менен "Чыгыш фронтуна" аскер алууда көйгөй жаралышы мүмкүн деген түкшүмөл бар. Ансыз деле россиялык айбаттуу күчтүн алдында алардын үмүтү бүлбүлдөп өчүп баратат.