БИШКЕК, 24-янв. – Sputnik. Бишкек шаарында 25-январдан тарта №56 жаңы автобус каттамы ишке кирет. Бул тууралуу мэрия билдирди.
Мындай чечим шаардын маршруттук тармагын оптималдаштыруу жана экологиялык таза транспортторду туруктуу өнүктүрүү максатында кабыл алынган.
Каттам Чоң-Арык айылынан айланма жол менен жүрүп, Байтик баатыр, Жибек Жолу, Ч.Айтматов проспектилерин камтыйт. Анын узундугу 24 чакырымга созулат. 25 автобустун кыймыл интервалы 10 мүнөттү түзөт. Аталган каттам №55 маршруттун карама-каршы багыты боюнча жүрөт.
Мэрия буга чейин Бишкекте автобустар үчүн бир чоң шакекче жана анын ичинде перпендикуляр кыймылды камсыз кылган чакан шакекчелерди түзүүнү пландаган.