Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Министрлик: Белгороддо кулаган Россиянын учагын Киев ракеталык комплекс менен атты

Министрлик билдиргендей, бүгүн алмашуу үчүн туткун аскерлер жеткирилеринен Киев бийлигинин кабары болгон.
Sputnik
БИШКЕК, 24-янв. — Sputnik. Россиянын Ил-76 аскердик-транспорттук самолетуна карата теракт жасаган Украина бийлиги өз жарандарынын өмүрүнө кайдыгер мамиле кылып, чыныгы жүзүн көрсөттү. Бул тууралуу Россиянын Коргоо министрлиги билдирүү жасады.

"Учак Украинанын куралдуу күчтөрү тарабынан Харьков облусунун Липцы районунан зениттик-ракеталык комплекстин жардамы менен жок кылынган", — деп айтылат маалыматта.

Министрлик бүгүн алмашуу үчүн туткундалган аскерлер жеткирилерин Киев билгенин айтты. Буга чейинки макулдашууга ылайык, алмашуу түштөн кийин Россия-Украина чек арасындагы Котиловка өткөрмө бекетинде болмок.
"Бирок нацисттик Киев режими аскерлерди жок кылды деп Россияны күнөөлөш үчүн ушундай кадамга барды", — деген Коргоо министрлиги.
Эске салсак, бүгүн Россиянын Белгород облусунда учак кулаган. Анын ичинде Украина Куралдуу күчтөрүнүн туткундагы 65 аскери, экипаж мүчөлөрү жана коштоп жеткире тургандар болгон. Туткундарды алмашуу үчүн алып баратышкан. Терактыдан бардыгы көз жумган.
Мамлекеттик Думанын коргоо комитетинин башчысы Андрей Картаполов Ил-76 учагы Германияда жасалган Patriot же IRIS-T ракеталары менен атып түшүрүлгөнүн билдирди.
Кырсыктаган тик учак. Башкы прокуратура кайсы берене менен иш козголгонун айтты