БИШКЕК, 24-янв. – Sputnik. Белгороддо кулаган Ил-76 учагындагылардын баары каза болгонун аймактын губернатору Вячеслав Гладков билдиргенин РИА Новости жазды.
Учакта Украина Куралдуу күчтөрүнүн туткундагы 65 аскер кызматкери, экипаж мүчөлөрү жана коштоп бараткандар бар эле. Туткундарды алмашуу үчүн алып баратышкан.
Ал эми Мамдуманын коргоо комитетинин башчысы Андрей Картаполов Ил-76 учагына үч зениттик-ракеталык комплекс менен же IRIS-T ракетасы сокку урганын айтты. Ал Украина режими дагы бир кандуу, эч бир аскердик логикага жатпаган иш жасаганын кошумчалады.
Россиянын ТИМи эми келишимге келүү оорго турарын билдирди.
“Украина диктатурасы Россияны жаманатты кылуу үчүн туткундарды курмандыкка чалды. “Силер үчүн күрөшүп жатабыз” демиш болуп аларды о дүйнөгө узатып ийишти. Улутчулдук, эки жүздүүлүк натурасын көрсөтүп алышты”, - деди РФ ТИМинин Киев режиминин кылмыштары боюнча өзгөчө тапшырмаларды караган элчиси Родион Мирошник.