Атайын операцияга катышты деп соттолгон кыргызстандык абактан чыкты

Аскар Кубанычбек уулу башында 10 жылга эркинен ажыратылган.
Sputnik
БИШКЕК, 24-янв. — Sputnik. Украинадагы атайын операцияга катышты деп соттолгон кыргызстандык Аскар Кубанычбек уулу сот залынан бошотулду.
Биринчи май райондук сотунун маалымат кызматы билдиргендей, бүгүн, 24-январда, сот анын ишин карап жети жылга соттоп, кайра үч жылдык пробациялык көзөмөлгө алмаштырган.
Аскар Кубанычбек уулу 2023-жылдын январь айында атасынын ооруп калганын угуп Кыргызстанга келгенде атайын операцияга катышкан деп камакка алынган. Сотто ал согуш талаасына өз ыктыяры менен барганын, Россиянын жарандыгын алууну каалап жүргөнүн билдирген. Алгач ал 10 жылга эркинен ажыратылган. Кийин Жогорку сот өкүмдү жокко чыгарып, кайра башынан кароого жөнөткөн.
Депутат Жамгырчиев Жогорку Кеңештин комитетинин жыйынына келди. Видео