Радио

Имангазиева: "40 райондон 40 демилге" долбооруна тандоо жүрөт

Кыргызпатенттин алдындагы Интеллектуалдык менчик мамлекеттик фондунун өкүлү Венера Имангазиева "40 райондон 40 демилге" долбоору боюнча айтып берди.
Sputnik
Инновацияларды өнүктүрүү багыты боюнча Кыргызпатент 2022-жылдан бери "40 райондон 40 демилге" долбоорун ишке ашырууда. Бул демилге министрлер кабинетинин №411 токтому менен бекитилгенин Венера Имангазиева Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, долбоорго түшкөн бизнес-демилгелер беш айда үч этап менен тандалат.
"2022-жылдан бери жалпысынан 98 өтүнмө келип түшкөн. Тандалып отуруп, бүгүнкү күндө 2023-жылы тандалган сегиз долбоордун ар бирине Кыргызпатент тарабынан миллион сомго чейинки колдоо көрсөтүлүп, иш башталды. 2023-жылдын тандоосу боюнча, жалпысынан бүт региондордон 245 өтүнмө келип түшкөн. Биздин долбоор айыл жергесиндеги жаратмандарды колдоо максатында уюштурулган. Негизинен өндүрүш, айыл чарба тармагындагы демилгелер. "40 райондон 40 демилге" долбоорунун эң башкы критерийи — жаңылык, инновация. Мындан тышкары, атаандаштыкка туруштук берип, экологиялык, экономикалык жана социалдык мааниси, натыйжалуулугу болушу шарт. Долбоор ээсинин сураган суммасын, сметасын, бизнес-планын карап, анан акча которуп беребиз. Айлык акыга, транспорттук иштерге, соода жайларын ачууга, оңдоо иштерине акча берилбейт. 2023-жылдагы бизнес-долбоорлорго жалпысынан 5 миллион 540 миң 700 сом бөлүнөрү пландалууда. 2022-жылы 7 миллион 273 миң 750 сом каралган. Быйылкы жылдын масштабы ушундай эле болот, февралдан баштап сынак жарыяланат. Тандоо тартибинде жыл сайын сегиз долбоорго чейин колдоого алынары жазылган", — деди Имангазиева.
Ал тандоодон өткөндөн кийинки жеңүүчүлөр Интеллектуалдук менчик фондунун ар бири менен келишим түзүп, эгер жеңүүчү алган акчасын максаттуу пайдаланганын далилдеп бербесе, анда акча кайра кайтарып алынарын кошумчалады.