БИШКЕК, 23-янв. — Sputnik. Мамлекет башчы Садыр Жапаров "Кылмыш-жаза кодексине, Кылмыш-жаза процессуалдык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" мыйзамга кол койду. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы кабарлады.
"Документ адамдын зордукталышына, мазакталышына жол бербөө, ошондой эле өмүргө кол салынышы менен ден соолукка залал келтирүүдөн коргоо максатында кабыл алынган. Мыйзамга өзгөртүү кылмышкерлердин жазасын күчөтүп, жабыркагандарды кайталанган кол салуулардан сактоо максатында киргизилген", — деп айтылат кабарда.
Өзгөртүлгөн мыйзамга ылайык, оор кылмыштар боюнча (анын ичинде зордуктоо) тараптар жарашса да тергөө токтобойт. Тараптар жарашканда жазык ишин милдеттүү түрдө токтотууну караган ченемдер алып салынган. Мындан улам Кылмыш-жаза кодексинин 57-беренесине, Жазык-процесстик кодексинин 24, 505, 507-беренелерине өзгөртүүлөр киргизилгени кошумчаланды.
"Андан тышкары, аталган кылмыштарды алдын алуу максатында жоопкерчиликтен качууга шарт түзгөн учурларды алып салуу боюнча ченемдер киргизилген. Тактап айтканда, зордуктоо, мазактоо менен коштолгон кылмыштардын эскирүү мөөнөтүн, пробациялык көзөмөлдү колдонуу, күрөөгө бошотуу мүмкүнчүлүктөрү алып салынды. Анткени бул жоболор жабырлануучулардын укук коргоо системасына болгон ишенимин кетирет", — деп жазылат маалыматта.
Буга байланыштуу Кылмыш-жаза кодексинин 58, 82-беренелерине, Жазык-процесстик кодексинин 112-беренесине өзгөртүүлөр киргизилген. Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.