Жер титирегенде эң оболу эмне кылуу керек? ӨКМдин кеңеши

Жер силкингенде бош орнотулган объектилер термелип, жарык өчүп-жана баштайт. Бул учурда дароо керектүү буюмдарды (телефон, документ) алып, 10 секунд ичинде сыртка чыгып кетүү зарыл.
Sputnik
БИШКЕК, 23-янв. — Sputnik. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жер титиреген учурда эмне кылуу керектигин айтып, пайдалуу маалыматтар менен бөлүштү.
министрлик жердин силкинүүсүн алдын ала божомолдоо мүмкүн эместигин айтып, эӊ көп жер титиреген Япония да буга жете электигин белгилеген. Жер силкингенде бош орнотулган объектилер термелип, жарык өчүп-жана баштайт. Бул учурда дароо керектүү буюмдарды (телефон, документ) алып, 10 секунд ичинде сыртка чыгып кетүү зарыл;
биринчи кабатта жашагандарда 10-15 секундда сыртка чыгып кетүүгө мүмкүнчүлүк бар. Экинчи жана андан өйдө кабаттагылар сыртка дароо чыкпай, бөлмөнүн коопсуз жерине (бурч, столдун асты) тура калышы керек;
эч качан терезеден секирбеңиз;
жер титирөө, өрт учурунда лифтини колдонууга болбойт. Тепкич менен гана түшүңүз;
жер титирегенде сыртта болсоңуз имараттардан алыс, ачык жерге туруңуз;
1-3 баллга жеткен титирөө билинер-билинбес өтөт, тилекке каршы, 4 баллдан өйдө болгондо кыйроолорго алып келет;
имараттан чыгып баратканда бардык электр, газ булактарын өчүрүп, суу түтүктөрүн бекитип салган оӊ.
Эске салсак, 23-январга караган түнү 3 баллдан 6 баллга жеткен жер титирөө болгон. ӨКМдин маалыматына ылайык, анын очогу Кытайда жайгашып, магнитудасы 7,1ге жеткен. Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун "Кумтөр голд компани" ишканасынын аймагында 6 балл, Каракол шаарында, Тоң районунун Кажы-Сай айылында 4,5 балл, Нарын облусунун Нарын шаарында 4 балл, Бишкек шаарында 3 баллды түздү. Кыйроолор, жабыркагандар катталган жок.
Дүрбөлөңгө түшпөңүз! Өзгөчө кырдаал министри элге кайрылды