Ат-Башыда жер титирөөнүн кесепетинен жолго таш кулады. Видео

Министрлик жолду тазалоого эки сааттай убакыт кеткенин айтты.
Sputnik
БИШКЕК, 23-янв. — Sputnik. Бишкек — Нарын — Торугарт трассасында (410-чакырым) жер титирөөнүн кесепетинен жолго таш кулады. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлиги билдирди.
Ага ылайык, мындай көрүнүш Нарындын Ат-Башы районунда болгон. Министрлик жолду тазалоого эки сааттай убакыт кеткенин кабарлады. Башка трассаларда мындай кырсык катталган эмес.
Эске салсак, 23-январга караган түнү 3 баллдан 6 баллга жеткен жер титирөө болгон. ӨКМдин маалыматына ылайык, Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун "Кумтөр голд компани" ишканасынын аймагында 6 балл, Каракол шаарында, Тоң районунун Кажы-Сай айылында 4,5 балл, Нарын облусунун Нарын шаарында 4 балл, Бишкек шаарында 3 баллга жеткен. Кыйроолор, жабыркагандар катталган жок.
Кытайда болгон жер титирөөдөн 47 үй кыйрап, 6 киши жабыркады