БИШКЕК, 23-янв. — Sputnik. 23-январга караган түнү Казакстандын бир топ шаарларында жер силкинип, Алматыда сегиз адам жабыркады. Бул тууралуу Sputnik Казакстан жазды.
Билдирмеге караганда, жабыркагандардын арасынан үчөө коркконунан 2-3-кабаттагы терезеден секирип кеткен. Алардын бирөө оор абалда ооруканага жаткырылганы айтылды. Калган беш киши үйүнөн сыртка качып чыгуу учурунда жаракат алган. Тиешелүү медициналык жардам алган соң алар амбулатордук дарыланууга жөнөтүлгөн. Алматы шаарында жер титирөөнүн күчү 5 баллга жеткени кошумчаланды.