БИШКЕК, 23-янв. — Sputnik. Түндө болгон жер титирөөдөн кийин Мамкурулуш агенттиги курулуш объектилериндеги табыгый кырсыктан улам пайда болгон дефектилерди аныктоону күчөтүлгөн тартипте жүргүзөт. Бул туурасында аталган ведомствонун жетекчиси Нурдан Орунтаев кабарлады.
Агенттик элге кайрылып, сүрөт же видеоматериал болсо 0555 579257 WhatsApp номерине салуу керектигин айтышты.
"Мамкурулуш агенттиги курулуш объектилериндеги табыгый кырсыктан улам пайда болгон дефектилерди аныктоо иштерин күчөтүлгөн тартипте алып барат. Объектилерде кандайдыр бир дефектилерди байкагандар түз байланыш номерине сүрөт же видеоматериалдарды жиберип кайрылсаңыздар болот!" — деп жазган ал.
Эске салсак, түндө Кыргызстандын аймагында жер силкинип, күчү 6 баллга чейин жеткен. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги эртең менен алдын ала маалымат боюнча жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталбаганын билдирди.