Жакса да, жакпаса да… Трамп Путин менен Си Цзиньпин тууралуу айтты

Трамп бул жолу да Байденди "такыр эле компетенттүү" эмес, "эки сөздүн башын кошуп сүйлөй албайт" деп сындаган.
Sputnik
БИШКЕК, 23-янв. — Sputnik. АКШнын мурдагы президенти Дональд Трамп Россия менен Кытайдын лидерлери Владимир Путин жана Си Цзиньпин азыркы жетекчиси Жозеф Байденден айырмаланып өз мамлекетин сүйөрүн жана жакшы нерсеге жеткирүүгө аракет кылып жаткандыктарын айтты. Бул туурасында РИА Новости жазды.
"Алар (Россия менен Кытайдын жетекчилери — ред.) өзүнүн мамлекетин жакшы көрөт, өлкөсү өнүгүшүн каалашат. Ал эми биздеги киши (Байден — ред.), менимче, буга жөндөмдүү эмес", — деген Трамп Fox News телеканалына берген маегинде.
АКШнын мурдагы президенти Путин менен Си Цзиньпин аларга "жакса да, жакпаса да акылдуу жана таасирдүү адамдар" экенин белгилеген.
Трамп бул жолу да Байденди "такыр эле компетенттүү" эместигин белгилеп, "эки сөздүн башын кошуп сүйлөй албастыгын, сахнадан түшүп, тепкич таап кетүүгө жөндөмү" жоктугун айткан.
Эске салсак, Байден АКШнын эң улгайган президенти, учурда 81 жашта. Анын ыңгайсыздык жараткан же күлкүлүү кырдаалга кабылган учурлары акыркы мезгилде арбыды. Байдендин атаандаштары мындай нерселердин себеби карылык жана ден соолугунун соо эместиги деп айтып келишет.
Байдендин күтүүсүз кадамы Индонезиянын президентин таңгалдырды. Видео