Таластын Бекмолдо айылында РКӨФ берген акчага тигүү цехи ачылды

Тигүү цехи Архив
Sputnik
БИШКЕК, 23-янв. — Sputnik. Талас районундагы Бекмолдо айылында Россия-Кыргыз өнүктүрүү фондунун (РКӨФ) колдоосу менен атайын форма тиккен цех ачылды.
Фонд бөлгөн 250 миң каражатка япон өндүрүшүнөн чыккан жабдуу алынган.
Маалыматта тикмечилер жылына 20 миң атайын кийим даяр кылып беришери айтылды. Бул жайда учурда 30 адам иш менен камсыз болгон.
Тикмечилер энергетиктер, кен казуу ишиндегилер жана нефть-газ тармагында эмгектенгендер үчүн форма тигип жатышат.
Кыргыз Республикасынын желегинин фонунда сом жана доллар купюралары. Иллюстративдик сүрөт
РКӨФ 2023-жылы Кыргызстандын экономикасына 160 млн. доллар инвестиция кылды