РКӨФ региондорго көбүрөөк каражат бөлүүнү пландап жатат

РКӨФ негизделгенден бери 3,4 миң долбоорду 637,8 миллион долларга каржылаган.
Sputnik
БИШКЕК, 23-янв. — Sputnik. Россия-Кыргыз өнүктүрүү фонду региондордун жетекчилерине кызматташуунун артыкчылыктары тууралуу маалымат берди. Бул туурасында фонддон билдиришти.
1 / 2

Россия-Кыргыз өнүктүрүү фонду региондордун жетекчилерине кызматташуунун артыкчылыктары тууралуу маалымат берди

2 / 2

РКӨФтүн башкаруучулугунун мүчөсү Бакыт Курманбеков фонддун программалары жана техникалык жардамдары тууралуу кенен айтып берген. Ал жеңилдетилген кредиттерди баарына тегиз жеткирүү үчүн региондорду каржылоону көбөйтүү пландалып жатканын белгилеген

РКӨФтүн башкаруучулугунун мүчөсү Бакыт Курманбеков фонддун программалары жана техникалык жардамдары тууралуу кенен айтып берген. Ал жеңилдетилген кредиттерди баарына тегиз жеткирүү үчүн региондорду каржылоону көбөйтүү пландалып жатканын белгилеген.
“Чүй, Бишкек, Ош жана Жалал-Абадга өтө көп каражат бөлүнүп калат. Башка региондордо көлөмү анча көп эмес. Бул маселени чечүү үчүн Талас, Нарын жана Баткен облустарында түз каржылоонун минималдык ставкасын 100 миң долларга чейин азайттык, башка аймактарда 200 миң долларга чейин түшүрдүк. Мындан сырткары, региондогу долбоорлорду каржылап турушу үчүн коммерциялык банктарга колдоо көрсөтөбүз”, — деди Курманбеков.
Фонд экономиканын күрө тамыры болгон өнөр жай, айыл чарба, инфраструктура, туризм, транспорт жана логистика тармагындагы долбоорлорду каржылайт.
Чоң ишкерлер (25 миллион долларга чейин), чакан жана орто бизнестегилер каражатты ала алат. РКӨФ негизделгенден бери 3,4 миң долбоорду 637,8 миллион долларга каржылаган.
Таластын Бекмолдо айылында РКӨФ берген акчага тигүү цехи ачылды