"Работа в ЕАЭС" тиркемеси — бир гана орус тилинде тейлеген, ЕАЭБ мамлекеттеринде жеткиликтүү болгон мобилдик тиркеме. Анда жумуш издөөдөн сырткары мамлекеттик жана коммерциялык кызматтар жеткиликтүү. Бул тууралуу Эркинбек Каримов Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, аталган тиркеме ЕАЭБге мүчө мамлекеттерде: Армения, Россияда иштеп келген.
"Работа в ЕАЭС" тиркемеси Кыргызстандын аймагында жаңы эле ачылды. Евразия өнүктүрүү банкынын каржысы менен ишке кирген бул долбоор баарына түшүнүктүү болуш үчүн орус тилинде гана тейлейт. ЕАЭБге мүчө мамлекеттерден сырткары Өзбекстан, Түркмөнстанда да жеткиликтүү. Бул тиркеме менен, мисалы, Кыргызстандын жараны Россияга барып ишке орношууда колдонсо болот. Тескерисинче, бизге келген россиялык же казакстандыктар да Кыргызстандагы мамлекеттик, коммерциялык кызматтар менен пайдаланууда тиркемени жүктөп алышса, аларга жардамчы болуп берет. Тиркеме аркылуу жумуш издегендер же жумуш сунуштагандар ЕАЭБдин "Работа без границ" платформасына келип түшкөн вакансияларга багытталат. Башкача айтканда, ЕАЭБдин "Работа без границ" платформасы менен "Работа в ЕАЭС" тиркемеси эки башка долбоор. "Работа в ЕАЭС" башкалардан айырмаланып мамлекеттик жана коммерциялык кызматтарды да сунуштайт. Ал эми вакансиялар ЕАЭБдин "Работа без границ" платформасына келип түшкөн, текшерүүдөн өткөн гана билдирмелер тиркелет. Андыктан Россия, Казакстан сыяктуу ЕАЭБге кирген мамлекеттерге эмгек миграциясына бара жаткан биздин жарандар, ал жактардан бизге келе жаткандар "Работа в ЕАЭС" тиркемесин чочулабай эле жүктөп алса болот. Мында авиа, темир жол билеттерин алуудан тарта башка бир топ кызматтар жеткиликтүү", — деди Каримов.
Ал аталган тиркеме жаңы гана түзүлгөнүн, кызматтардын тизмеси улам кеңейип отурарын кошумчалады.