Дүрбөлөңгө түшпөңүз! Өзгөчө кырдаал министри элге кайрылды

Бишкекте магнитудасы 4-5 баллга жеткен жер титирөө болду.
Sputnik
БИШКЕК, 23-янв. — Sputnik. Кыргызстанда катталган жер титирөөдөн жабыркагандар жок. Бул тууралуу өзгөчө кырдаал министри Бообек Ажикеев билдирди.
Анын айтымында, очогунда магнитудасы 7 баллга жеткен жер силкинүү саат 00:09да Кытайда катталган.
“Катуу жер силкинүү Жети-Өгүз, Түп жана Ак-Суу райондорунда сезилди. Бишкекте магнитудасы 4-5 баллга жеткен жер титирөө болду”, — деди Ажикеев.
ӨКМ башчысы кыргызстандыктарды дүрбөлөңгө түшпөөгө чакырды. Ошондой эле Кыргызстанда түндө жер титирөө кайталанат деп тарап жаткан маалымат чындыкка дал келбей турганы айтылды.
Кыргызстанда жер титиреди