Кытайда жер титирөөдөн улам үч адам каза тапты

Жер титирөөдөн кийин жергиликтүү бийлик жабыркаган аймактарга жалпы жонунан 236 транспорт жана 1055 адам жөнөткөн.
Sputnik
БИШКЕК, 23-янв. – Sputnik. Кытайдын түндүк-батышындагы Синьцзян-Уйгур автономдуу районундагы жер титирөөдөн үч киши каза тапты. Бул тууралуу Кытайдын Борбордук телеканалы кабарлаганын РИА Новости жазды.
Кытайдын Синьцзян-Уйгур автономдуу районундагы Аксу округунда шейшембиге караган түнү саат 00:09да магнитудасы 7,1ге жеткен жер титирөө катталды. Очогу 22 чакырым тереңдикте жайгашкан. Эртең мененки убакытка чейин сейсмологдор магнитудасы 3 жана 5,3кө жеткен 43 афтершокту (кийинки жер силкинүүлөр) каттаган.
Жер титирөөдөн кийин жергиликтүү бийлик жабыркаган аймактарга өрт өчүрүүчүлөрдү, медициналык жана коммуникациялык кызматтарды, жалпы жонунан 236 транспорт жана 1055 адам жөнөткөн.
Бул жер титирөө Кыргызстанда да сезилип, күчү 6 баллга чейин жетти. Жаратылыштын бул кубулушу Ысык-Көл, Нарын жана Чүй облустарынын аймагында катталган.
Сейсмолог Абдрахматов: Кыргызстанда жердин катуу силкинүүсү күтүлбөйт