Радио

Дылдаев: климаттын өзгөрүүсүнөн биринчи тоолуу экосистема жабыркайт

Ишеналы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин Табигый илимдер жана туризм институтунун директору, география илимдеринин доктору Мирлан Дылдаев климаттын өзгөрүүсүнүн кооптуулугун айтып берди.
Sputnik
Климаттын өзгөрүүсүн тоолуу экосистемалар алгачкылардан болуп кабыл алат. Бул тууралуу Мирлан Дылдаев Sputnik Кыргызстан радиосунда маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, климат өзгөрүп, соңку 100 жылда абанын орточо табы 1,1-1,2 градуска көтөрүлдү.
"Планета бирдиктүү экосистемада болгондуктан бул өзгөрүүлөрдүн залакасы Кыргызстанга дагы тиет. Кыргызстан тоолуу экосистема болгондуктан климаттык өзгөрүүлөрдү алгачкылардан болуп кабыл алат. Көптөгөн мөңгү, дарыяларыбыз бар. Соңку убактарда климаттын терс таасири биздин аймакта дагы сезиле баштаганы маалым. Мисалы, окумуштуулар мөңгүлөр 15-25 пайызга чейин азайганын айтып жатышат. Мындан тышкары, кышында кар сейрек жаап, жазында суунун тартыштыгына кабылып жатабыз. Бул процесс мындан дагы курчушу ыктымал. Бул өз кезегинде турмуш-тиричиликке, экономикага кедергисин тийгизбей койбойт. Муну айрымдар табигый айлампа менен байланыштырууда. Анткени жаратылышта белгилүү мөөнөттө суу тартылып, жаан-чачын азайган учурлар кездешет. Бирок ушул тапта бул процесске техногендик фактор, башкача айтканда, адамдын табиятка таасири күч алганы менен коштолууда. Ошондуктан бул багытта бардык тобокелчиликтерди аныктай турган илимий изилдөөлөрдү жүргүзүү зарыл", — деди Дылдаев.
Ошондой эле ал климаттык өзгөрүлөргө ыңгайлашуучу технологияларды колдонуу зарылдыгын кошумчалады.