Абдрахматов: Бишкекте 8 баллдан ашкан жер титирөө болот деген коркунуч жок

Бүгүн түнү Кыргызстандын аймагында жер силкинип, күчү 6 баллга чейин жетти.
Sputnik
БИШКЕК, 23-янв. – Sputnik. Бишкекте күчү сегиз баллдан ашкан жер титирөө коркунучу жок. Бул тууралуу Кыргызстандын башкы сейсмологу Канатбек Абдрахматов билдирди.
Анын айтымында, эгер Алматы менен Бишкекти салыштыра турган болсок, коңшу өлкөдөгү шаардын шарты Бишкекке караганда кооптуураак деп эсептелинет.
"Алматы дээрлик тоонун жанында жайгашкан. Ал эми Бишкекти "текчелер" деп аталган чек ара аймагы бөлүп турат. Ошол 30 чакырымдык аймак Бишкекти өтө катуу силкинүүлөрдөн коргойт. Анткени жер титирөөнүн очогу тоо астында болгондуктан, башталган толкун Бишкекке жеткенче 30 чакырымдык аралыкты басып өтүп, күчү азайып калат", — деди эксперт.
Эске салсак, түндө Кыргызстандын аймагында жер силкинип, күчү 6 баллга чейин жеткен. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги эртең менен алдын ала маалымат боюнча жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталбаганын билдирди.
Мамкурулуш жер титирөөдөн имараттарда жарака кетсе кайрылууну өтүндү. Телефон