БИШКЕК, 23-янв. — Sputnik. "Бишкек жүргүнчүлөр автотранспорт ишканасы" менен "Бишкек троллейбус башкармалыгы" контролёрлорду жумушка чакырат. Бул тууралуу калаа мэриясынан билдиришти.
"Эмгек акысы күнүнө 1 200 сом жана саткан ар бир "Тулпар" картасы үчүн 10 сом каралган", — деп айтылат маалыматта.
Бардык суроолор боюнча төмөнкү номерлерге кайрылса болот:
"Бишкек жүргүнчүлөр автотранспорт ишканасы" — 0312 531789;
"Бишкек троллейбус башкармалыгы" — 0312 65 75 90.