Ленин районунун башкы архитектору акча алып жаткан жеринен кармалды. Сүрөт

Кызмат адамдары 22-январда колго түшүрүлгөн.
Sputnik
БИШКЕК, 23-янв. — Sputnik. Бишкекте 1 000 доллар алып жаткан жеринен Ленин районунун башкы архитектору А.Н.М. жана Мамлекеттик картографиянын экономикалык бөлүгү боюнча бөлүм башчысы М.Ж.А. кармалды. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматы кабарлады.
Билдирмеге караганда, башкы архитектор коммерциялык объектилер түрттүрүлөт деп коркутуп, ээлеринен ортодогу адамдар аркылуу 2-3 миң доллар талап кылган. Учурда тергөө амалдары жүргүзүлүп, башка кызмат адамдарынын бул коррупциялык схемага катышы бар-жогу такталып жатканы кошумчаланды.
Ошто бала бакча жетекчиси милицияга пара берип жатып кармалды. Сүрөт