Алматыда жер титирөөдөн жабыркагандардын саны 44кө жетти

Sputnik
БИШКЕК, 23-янв. — Sputnik. Казакстандын Алматы шаарындагы жер титирөөдөн жабыркагандардын саны 44кө жетти. Бул тууралуу Sputnik Казакстан жазды.
Билдирмеге караганда, жабыркап ооруканага кайрылгандардын 10у — балдар.
"Бешөө ооруканага жаткырылып, калганы амбулатордук дарыланууга жөнөтүлгөн. Ал эми чоңдордон үчөө ооруканага жатып, 31и медициналык жардам алгандан кийин үйүнө кеткен. Жабыркагандардын айрымдарынын териси сыйрылса, кээ бири бир нерсеге урунуп, эти чоюлуп, ар кандай жаракат алышкан", — деп айтылат кабарда.
Расмий маалыматтар боюнча, жер титирөөнүн күчү Алматы шаарында 5 баллга жеткен. Жер силкинүү Казакстандын башка да шаарларында сезилген.
Кытайда болгон жер титирөөдөн 47 үй кыйрап, 6 киши жабыркады