Туризмди колдоо фонду RestPoint жайлары ижарага берилерин жар салды

Фонд бул жайларды эмне себептен ижарага берип жатканын ачыктаган эмес.
Sputnik
БИШКЕК, 22-янв. — Sputnik. Туризмди колдоо фонду өлкөдөгү жол боюна ачылган RestPoint жайларынын алтоо ижарага берилерин билдирди.
Маалыматка ылайык, бардык жайлар эмереги жана жабдуусу менен туристтерди тейлөөгө толук даяр.
“Ар бир RestPoint жайынын аянты 94,7 чарчы метрди түзөт. Ижаранын баштапкы акысы — айына 5 000 сом”, — деп айтылат фонддун сайтында.
Ошондой эле жайларды иштетүүнү каалагандар аукцион аркылуу тандалары кошумчаланган. Ижарачы долбоордун концепциясын сактоого, аны күнү-түнү иштетүүгө жана 100 миң сом депозит төлөөгө тийиш.
Учурда Кемин, Жалал-Абад жана Кара-Көл шаарларындагы имараттар ижарага берилүүгө даяр. Ал эми Жети-Өгүз районунун Саруу айылындагы, Өзгөн шаарындагы жана Барпы айылындагы (Ош — Бишкек жолунун боюнда) жайлар жакында даяр болору айтылды.
Бирок Туризмди колдоо фонду бул жайларды эмне себептен ижарага берип жатканын ачыктаган эмес.
Эске салсак, алгачкы RestPoint өткөн жылдын жазында Кеминде пайдаланууга берилген. Кыргызстан боюнча 68 пунктуну куруу пландалганы айтылган.
Каракол 100 мыкты stories тизмесине илиниши ыктымал. Добуш бериңиз