БИШКЕК, 22-янв. — Sputnik. Сокулук районунда автоунаа чыгарган кыргыз-өзбек заводунун курулушу соңуна чыкканы калды. Бул тууралуу экономика министри Данияр Амангелдиев маалымат жыйында билдирди.
Анын айтымында, завод биринчи жарым жылдыктын жыйынтыгы боюнча алгачкы продукцияны чыгара алат.
“Жол картасы бар, ага ылайык, заводду ишке киргизүү ушул жылдын башына пландалган. Бирок аба ырайына байланыштуу долбоор жарым жылга жылдырылды. Ушул жылдын ортосуна чейин заводду ишке киргизебиз деп ойлойм. Биринчи жарым жылдыктын жыйынтыгы боюнча биринчи продукцияны чыгарууга аракет кылабыз. Долбоор жөнөкөй эмес, завод роботтоштурулган болушу керек”, — деди Амангелдиев.
Эске салсак, Кыргызстан менен Өзбекстан 2023-жылдын май айында Чүй облусунда (Ак-Суу айылы, Бишкектен 50 чакырым алыстыкта) автоунаа чогултуу жана өндүрүү боюнча завод кура баштаган.