Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Лавров: Киев Батыштан келген куралдын жарымын сатып жатат

Лавровдун айтымында, куралды көмүскө базарда Киевдин “жооптуу” адамдары сатууда.
Sputnik
БИШКЕК, 22-янв. — Sputnik. Киев Батыштан алган куралдын жарымын кайра сатып жатат, Батыш муну билбейт деш кыйын. Бул тууралуу Россиянын ТИМ башчысы Сергей Лавров БУУнун Коопсуздук кеңешинин Украина боюнча жыйынында билдиргенин РИА Новости жазды.
“Киевдин жооптуу адамдары жаңжалдан (Украинадагы — ред.) мүмкүн болушунча пайда көрүү үчүн Батыш берген куралдардын бир бөлүгүн көмүскө базарда кайра сатып жатышат”, — деди Лавров.
Ал интернет айдыңында мындай жарыяларды табууга болорун кошумчалады.
ТИМ башчысы ошондой эле бул кыңыр иштен Батыштын кабары жок экендигин элестетүү мүмкүн эместигин айткан.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Лавров Украинанын диалогду создуктурушунун соңу жакшы болбостугун эскертти