Ошто бала бакча жетекчиси милицияга пара берип жатып кармалды. Сүрөт

Буга чейин соцтармакта бакчадагы бөбөктөргө ажыга барчу кийим кийгизген видео тараган. Мындан улам милиция шаардагы бакчалардын бирин текшерген.
Sputnik
БИШКЕК, 22-янв. — Sputnik. Ош шаарында бала бакча жетекчиси милицияга пара берип жатып кармалды. Бул тууралуу Ош ШИИБдин маалымат кызматы кабарлады.
1 / 2

Ош шаарында бала бакча жетекчиси милицияга пара берип жатып кармалды

2 / 2

Буга чейин соцтармакта бакчадагы бөбөктөргө ажыга барчу кийим кийгизген видео тараган. Мындан улам милиция шаардагы бакчалардын бирин текшерген

Билдирмеге караганда, буга чейин соцтармакта бакчадагы бөбөктөргө ажыга барчу кийим кийгизген видео тараган. Мындан улам милиция шаардагы бакчалардын бирин текшерген.
"Анын жүрүшүндө 19-январь күнү аталган бакчанын жетекчиси Ф.Х. аттуу аял кызыкчылыгын коргоп, жогорудагы фактылар боюнча текшерүү иштерин токтотуу үчүн Ош ШИИБдин Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү кызматынын ыкчам кызматкерине пара сунуштаган. Бала бакча жетекчиси милицияга 20 миң сом пара берип жаткан учурда колго түшүрүлдү", — деп жазылат кабарда.
Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 354-беренеси ("Пара берүү") менен кылмыш иши козголуп, ыкчам-тергөө амалдары жүрүп жатканы кошумчаланды.
Жалал-Абадда 6 жаштагы бала мылтык менен ойноп жатып бөбөгүн атып алган