Кыргызстандын футбол командасы Сауд Арабиядан утулуп калды

Мелдештин 1/8 финалына ар бир тайпадан экиден мыкты команда чыгат.
Sputnik
БИШКЕК, 22-янв. — Sputnik. Кыргызстандын курама командасы Сауд Арабиянын футболчуларынан 0:2 эсеби менен утулуп калды.
1 / 2

Кыргызстандын курама командасы Сауд Арабиянын футболчуларынан 0:2 эсеби менен утулуп калды

2 / 2

Эскерте кетсек, учурда Катардын Доха шаарында Азия кубогу өтүп жатат. Кыргызстан Таиланд, Сауд Арабиясы жана Оман менен бир тайпага түшкөн

Эскерте кетсек, учурда Катардын Доха шаарында Азия кубогу өтүп жатат. Кыргызстан Таиланд, Сауд Арабиясы жана Оман менен бир тайпага түшкөн.
Матчтын башында калыс эреже бузганы үчүн Кыргызстан командасынын коргоочусу Айзар Акматовду, экинчи таймда дагы бир оюнчу Кими Меркти кызыл карта менен оюн талаасынан чыгарып салды. Мындан улам "Ак шумкарлар" тогуз киши болуп ойношту.
Сауд Арабия командасы эки таймда бирден гол киргизип, алдыга чыкты.
Кыргызстан футболчулары эми Омандын командасы менен беттешет.
Мелдештин 1/8 финалына ар бир тайпадан экиден мыкты команда чыгат. Ошондой эле 6 тайпанын ичинен үчүнчү орунду алган 4 мыкты команда дагы жолдомо алат.
Кыргызстандык жөө күлүктөр Азия чемпионатынан эки медалга ээ болушту. Сүрөт