Кулаган Falcon 10 учагы: аман калган киши Афганстандагы кыштакка өзү келген

Росавиация борттогулардын ичинен төрт адам тирүү калгандыгын, дагы эки кишинин дайын-дареги такталып жатканын билдиришкен.
Sputnik
БИШКЕК, 22-янв. — Sputnik. Афганстанда кулаган Falcon 10 бизнес-жеттин ичиндегилердин дагы бири аман калып, ошол аймактагы кыштакка жетип, жергиликтүү элден жардам сураган. Бул туурасында Afghanistan International жазганын РИА Новости кабарлады.
"Жергиликтүү эл кырсыкка кабылган чет элдик Коф Аб районундагы Педу айылына жетип, жаңсап ошол жердеги жашоочулардан жардам сураган", — деп айтылган маалыматта.
Эске салсак, Афганстандын Бадахшан провинциясындагы тоого Falcon 10 учагы кулаган.
Росавиациянын маалыматы боюнча, Афганстанда дайынсыз болуп жаткан Falcon 10 учагы Россиянын жарандык учактарынын мамлекеттик реестринде катталган. Анда белгиленгендей, аба кемеси менен байланыш кечинде үзүлгөн, радарлар экранынан да көрүнбөй калган. Бул учурда учак Афганстандын аба мейкиндигинде (Тажикстан менен чектешкен аймакка жакын) болгон.
Борт Гая (Индия) — Ташкент — каттамы боюнча чартердик учак санитардык рейске чыккан.
Росавиация мурдараак борттогулардын ичинен төрт адам аман калгандыгын, дагы эки кишинин дайыны такталып жатканын билдиришкен.
Бишкекте кулаган тик учактын учкучу Самудинов жерге берилди. Видео