Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Донецкиде аткылоого алынган базардын апааттан кийинки видеосу

Кечээ Украинанын Куралдуу күчтөрү ДЭРдин Киров районуна чабуул коюп, 28 адам каза тапкан.
Sputnik
БИШКЕК, 22-янв. — Sputnik. Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн 27 адамдын өмүрүн алып кеткен Текстильщик районундагы (Донецк) бомбалоосунан кийинки видео жарыяланды.
Видеону Sputnik Ближнее зарубежье Telegram каналы таратты.
...Сатылып жаткан азыктар ошол жерде жайылган бойдон калган. Оозу ачык челектеги тамак-ашты, туздалган жашылчалардын талкаланбай калган банкаларын, апаатка кабылган базардын аянтын көрүүгө болот. Бул товарлардын ээлеринин өмүрүн Украина Куралдуу күчтөрүнүн ажал издеп учкан снаряддары жалп өчүргөн.
Эске салсак, кечээ Украинанын Куралдуу күчтөрү Донецкинин Кировуна чабуул койгон. Текстильщик району артиллериялык апаатка кабылган, тагыраагы, аталган аймактагы базарды эл көп келген жекшемби күнү аткылашкан. ДЭР башчысы Денис Пушилин аталган кол салуудан каза тапкандардын саны учурда 27ге жеткенин, 25 киши жаракат алганын билдирген. Жалпы ДЭР боюнча жекшемби күнү 28 адам көз жумган.
Донецк Элдик Республикасында бул кандуу окуядан улам 22-январь аза күнү деп жарыяланды.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
БУУнун башкы катчысы украин аскерлеринин Донецкини аткылашын сындады