Дан эгини азайып, мөмө-жемиш көп болду. Былтыркы түшүмдүүлүк боюнча сандар

2023-жылдын жай айларындагы катуу ысыктан улам буудайдын түшүмү 25,7 пайызга, арпанын жыйымы 29,2 пайызга азайган.
Sputnik
БИШКЕК, 22-янв. — Sputnik. Кыргызстанда 2023-жылы 1,6 миллион тонна дан эгини алынды. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинин маалыматында айтылат.
Билдирмеге караганда, жогорудагы көрсөткүч 2022-жылдагыдан 13 пайызга аз.
2023-жылдын жай айларындагы абанын өтө жогорку температурасынын кесепетинен буудайдын түшүмү 25,7 пайызга, арпанын жыйымы 29,2 пайызга азайган.
Бирок 2022-жылдын жыйынтыгына салыштырганда өткөн жылда кант кызылчасынын түшүмү 32,7 пайызга, тамеки 19,2 пайызга көп жыйналган. Жүгөрү 9,2 пайызга, жашылча өсүмдүктөрү 4,6 пайызга, бакча өсүмдүктөрү 4,2 пайызга көп алынгандыгы белгиленген.
Картошка өстүрүү боюнча Кыргызстан ЕАЭБдин алдыңкы үчтүгүндө